Эс алуудагы милициянын полковниги Бакай Теңис уулу сыйланды

Эс алуудагы милициянын полковниги Бакай Теңис уулу сыйланды

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы ички иштер органдарында 25 жылга жакын  үзүрлүү эмгектенген Кызматтын бөлүмүнүн мурдагы начальниги, милициянын отставкадагы полковниги Теңис уулу Бакайды ардактуу эс алууга чыкканына байланыштуу куттуктап келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда милициянын ардагери Теңис уулу Бакай 2022-жылдын 12-майынан баштап Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап жаткан чагы.

ИИМден барган кесиптештери ага чепкен жаап, ак калпак кийгизип,  ички иштер органдарында көп жылдар бою үзүрлүү, ак ниеттүүлүк менен татыктуу кызмат өтөгөндүгүн баса белгилешип, жылуу калоо-тилектерин айтышты. Андан соң, кесиптештери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан терең ыраазычылыгын билдиришип, ага бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы кызматында ийгиликтердин коштоп жүрүшүн каалашты.

Аны менен катар, милициянын ардагерине Кыргыз милициясынын ѳнүгүшүнѳ, коомдук коопсуздукту камсыздоого, мыйзамдуулукту  сактоого кошкон зор салымы үчүн ИИМдин 1-даражадагы “Азамат” медалын тапшырышты.

Өз кезегинде ардагер ИИМден барган кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өлкөбүздө ар дайым туруктуулук өкүм сүрүп, Кыргыз милициясы заман талабына ылайык өнүгө беришин каалады.

Белгилей кетсек, Теңис уулу Бакай ички иштер органдарындагы кызматын     1997-жылы баштаган. Ал башында милициянын кайгуул күзөт кызматынын бөлүмчөсүнүн милиционери, милициянын аймактык тескөөчүсү, жашы жете электер менен иштөө инспектору болуп иштеп, кийин ИИМдин башка бөлүктөрүндө да кызматын өтөгөн.

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБдин башчысынын  өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, Чүй облусунун Чүй РИИБдин башчысынын коомдук тартипти сактоо боюнча орун басары, Чүй РИИБдин Искра милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги, Нарын ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы катары жетектөөчүлүк кызмат орундарды дагы аркалаган.

2022-жылдын 10-мартында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Профилактика жана координациялоо башкармалыгынын  кварталдык милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан ардактуу эс алууга кеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>