УКМКнын башчысы Таластын аксакалдары менен жолугушту

УКМКнын башчысы Таластын аксакалдары менен жолугушту

Бүгүн, 21-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жолугушууга Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары катышкан.

«Бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти. Өз кезегинде Ташиев, Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш жана башка өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>