БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоону аяктадыБычак менен коркуткан. Бишкекте каракчылыкка шектелип 4 жигит кармалдыДобуш сатып алууга шектелип, Жогорку Кеңешке талапкер кармалдыБишкекте индиялык студенттер баңгизат сатууга шектелип кармалдыТоктогул районунда форель икрасын өндүрүүчү цех курулуудаЖК депутаттыгына мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров кармалды
Эсеп 24:11. Кыргыз балбан утулуп жатып, атаандашынан жеңишти сууруп кетти (видео)
24.10.2023 | 17:28
Эркин күрөш боюнча балбан Аден Сакыбаев 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 1/8 финалга чыкты.
65 салмакта күрөшкөн Аден Сакыбаев 1/16 финалдагы биринчи беттешинде түштүк африкалык спортчу Фредерик Нортье менен кез келген. Алгач анын атаандашы 2:10 эсебинде алдыга чыгып, кыргызстандык балбан жеңиле баштаган. Бирок ал моюн сунуп калбай, атаандашынан жеңишти сууруп кетүүгө жетишти. Беттеш 24:11 эсебинде жыйынтыкталды.
Эми ал 1/8 финалда бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Ислам Гусейнов менен күрөшөт.
Мелдеш Албаниянын Тирана шаарында 23-октябрда башталган, 29-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз