Эсептөө палатасы жөнүндө Конституциялык мыйзамга кол коюлду

Эсептөө палатасы жөнүндө Конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент  Садыр Жапаров » Эсептөө палата жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, конституциялык мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>