Кыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болотБишкекте «Манас» аэропортуна баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылатМинистрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылдыКытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди
Ысык суу менен жылуулук үчүн баа көтөрүлдү
01.06.2023 | 19:48
Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 31-майдагы буйругуна ылайык, Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтердин баасы көтөрүлдү.
Тарифтер төмөнкүдөй болот:
Жылуулук (Гкал үчүн):
- калк үчүн – 1 миң 248 сом (буга чейин 1 миң 134,76 сом);
- бюджеттик уюмдар, башка керектөөчүлөр үчүн – 2 миң 52 сом ( буга чейин 1802 сом болгон).
Ысык суу:
- калк үчүн прибор менен эсептегенде 1 куб метрге –72 сом (буга чейин 64,3 сом);
- керектөө нормасы боюнча (айына бир адамга) –345 сом (309 сом болчу);
- Өнөр жай объектилери, бюджеттик керектөөчүлөр жана башка керектөөчүлөр үчүн – 117 сом (буга чейин 103 сом болгон).
Эскерте кетсек, Бишкекте 1-июндан тарта ичүүчү сууга жана канализацияны колдонууга болгон төлөмдөр жогорулган.
Тарифтер сууга төмөнкүдөй болот:
- калк үчүн – 10,45 сом (буга чейин 8,1 сом);
- бюджеттик уюмдар үчүн – 12,95 сом (буга чейин 9,1 сом);
- башка керектөөчүлөр үчүн – 18,5 сом (буга чейин 13 сом).
Канализацияга төмөнкүдөй болот:
- калк үчүн – 3,45 сом (буга чейин 2,3 сом)
- бюджеттик мекемелер үчүн – 4,5 сом (буга чейин 3 сом);
- башка керектөөчүлөр – 9 сом (буга чейин 6 сом болгон).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика