Баткендеги чек арадан 8 кг баңгизат менен чет элдик жаран кармалды

Баткендеги чек арадан 8 кг баңгизат менен чет элдик жаран кармалды

УКМК узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө Таджикистан — Кыргызстан — Казахстан — Россия каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү  баңгизаттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, анын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ЖПКнын 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>