Эшек мал эмес. Депутат эшек уурдагандарга жеңил жаза берүүнү сунуштады (видео)

Эшек мал эмес. Депутат эшек уурдагандарга жеңил жаза берүүнү сунуштады (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кылмыш кодексине «мал уурулук» беренесин кайтаруу маселеси каралды.

Жыйында депутат Дастан Жумабеков сунушталган мыйзам долбоорунда башка мал-жандык менен бирге эшекти уурдагандарга да эркинен ажыратуу жазасы каралганын айтып, эшек уурдагандарга айыппул салуу менен чектелүү керектигин билдирди.

«Эшек уурдагандарга Укук бузуулар кодекси боюнча айып салуу керек. Кыргыз эли аны малдын катарына кошкон эмес», — деди Жумабеков.

Мыйзам долбоорлордун автолорунун бири Мейкинбек Абдалиев жаза уурдалган малдын түрүнө эмес, наркына жараша белгиленерин айтты.

«Билсеңиз керек, бир мезгилде Кытай тарапта суроо-талап көбөйүп Кыргызстанда эшек уурдоо аябай күчөп кеткен. Ошон үчүн киргиздик. Бирок жаза зыянга жараша болот. Аны тергөө аныктайт. Эшек деп белгилеп койбосок болбойт. Азыр айылдарда эшек деле калбай калган», — дедиал.

Талкуулардан кийин кылмыш кодексине «мал уурулук» беренесин кайтарууну караштырган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушу тармактык комитетте каралды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>