Быйыл 9 айда баңги топтор $50,5 млн зыянга учураган, — ИИМ

Быйыл 9 айда баңги топтор $50,5 млн зыянга учураган, — ИИМ

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын быйыл 9 айдагы ишинин жыйынтыгын караган кеңешме өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 9 айда ички иштер органдары тарабынан 1 миң 41 баңги кылмыштар катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 444 килограмм баңгизат, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 415 килограммга көп болду.

«Ички иштер органдары тарабынан баңги кылмыштарды ачуу көрсөткүчү былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу 13,5% га өскөн. Аны менен бирге 59 баңги тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлуп, 9 баңги лаборатория жоюлган, натыйжада баңги кылмыштуулуктун болжолдуу чыгымы 50 млн 578 миң долларын түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баңги кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 120 жаран кармалган.

«Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев баңги лабораторияларды аныктоо жана жоюу, контрабанданы жана синтетикалык баңгизаттарды таратууну токтотуу боюнча мындан аркы иштерди күчөтүүнү тапшырды», — деп билдирет министрлик.

Кеңешменин жыйынтыгы менен ыкчам-кызматтык иштеги төмөн көрсөткүчтөрү үчүн Баңгизатка каршы кызматтын 8 кызматкери ар кандай тартиптик жазага тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>