Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Ысык-Ата тергөө абагынан кылмышка шектүү качып кетти (ВИДЕО)
10.10.2021 | 12:16
Бүгүн таң атпай 07:09 убакыт аралыгында Ысык-Ата тергөө абагынан 26 жаштагы Акматов Тилек Турсуналиевич качып кетти. Ал үй тоноо боюнча 8-октябрь күнү кармалган. Бул туурасында Чүй милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Чүй милициясы түп көтөрүлө издеп жатат. Блокпосторду койду, бардык иш аракеттерди көрүүдө.
Аламүдүн районундагы Ленин айылындагы үйлөрдүн бирин тоноп, кармалган. Анын иши тергөөдө болчу.
Боюу 170-175 см. Арыкчырай келген, чачы кара, кыска.
Кара куртка, кара шапка, кара жинсы шым, ак байпак, кара бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчөлүктөрү: эки ийнинде сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө татуировкасы, оң колунда тату, эринин үстүндө оң жагында меңи бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом