Чүй проспектисинин дагы бир бөлүгү 26-июлда жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Жол куруучулар С.Ибраимов көчөсүнөн Т.Айматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ишин баштайт.
Буга байланыштуу № 7, 11, 17, 21, 31, 34, 36, 38, 42, 50, 104, 135, 152, 166, 216, 222, 227-автобустук каттамдардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
М. Горький көчөсүн оңдоо 29-июлда башталат.
Белгилей кетсек, учурда Чүйдүн Чыңгыз Айматовдон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы жабык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз