Президент Жапаров: Быйыл 6 тонна баңгизат кармадык

Президент Жапаров: Быйыл 6 тонна баңгизат кармадык

Быйыл Кыргызстанда 6 тонна баңгизат кармалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда делегаттардын кайрылууларына жооп берип жатып билдирди.

Элдик курултайда Москвадан делегат болуп келген Толкунбай Акматов мигранттардын каттоо маселесин чечип берүүнү суранып, баңгизат менен кармалган жарандар бар экенин айткан.

Президент жооп берип жатып, баңгизат маселеси аябай чоң көйгөй болуп жатканын айтты.

«Былтыр биз 3 тонна баңгизат кармаганбыз. Тажикстан менен чек арабыз жабык, бир ар кандай жол менен баңгизат келе берет экен. Быйыл 6 тонна кармадык», — деди ал.

Ошондой эле, ал Россиядагы абактарда отурган 900 кыргыз жаранын жазасын Кыргызстанда өтөөсү үчүн өлкөгө алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«1 миңден ашык болчу. 148ге жакыны Кыргызстанга келди. Башкы прокурор (Курманкул Зулушев – ред.) Россиянын прокурору менен жарым жылдан бери иштеп жатат. Алардын баарын бир жерге чогултуп, жазасын бул жакта өтөөсү үчүн Кыргызстанга алып келели деп жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>