УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты оңдолду

УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты оңдолду

Бүгүн, 19-октябрда Кара-Балта шаарында УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чүй облусунун башчысы Канатбек  Жумагазиев, Жайыл районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышкан..

УКМКдан билдиришкендей, имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.

«Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>