«Европага ишке орноштурам». Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү кармалды

«Европага ишке орноштурам». Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү кармалды

Ысык-Көлдө жарандарды Европага ишке орноштурам деп алдамчылык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка карагандан, Жети-Өгүз райондук милицияга Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июнь айында белгисиз жаран аны Европага жумушка орноштурууну убадалап, кызматы үчүн 40 миң сом котортуп алып, алдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы Р.К. аттуу тургуну кармалган.

21-сентябрда шектүү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Райондук милициянын тергөө кызматы кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткандардын саны көп болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Ага байланыштуу жабыркаган жарандар болсо, Жети-Өгүз райондук милициясына кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>