Кулубаев БАЭнин тышкы иштер министри менен жолукту

Кулубаев БАЭнин тышкы иштер министри менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абдалла бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташуусу ар тараптуу өнүгүп жатканын белгилешкен. Кулубаев эки мамлекеттин алакасын арттыруу максатында БАЭнин президенти Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргызстанга сапарын уюштуруу манилүү экенин айткан.

Ошодой эле Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болгон. Тараптар Кыргызстанда түзүлө турган кыргыз-эмират холдингинин ишин баштоону тездетүүнү макулдашкан.

Соңунда Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрин Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>