Фарход Алимжановдун мандаты боюнча Жогорку сот чечим чыгарды

Фарход Алимжановдун мандаты боюнча Жогорку сот чечим чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов мандатынан айрылды. Жогорку сот эл өкүлүнүн доо арызын канааттандырбай, Бишкек шаардык сотунун чечимин колдоду.

Фарходбек Алимжанов ушуну менен мандат маселесине чекит коюлганын билдирди.

«Элге кызмат кылууну улантабыз. Биз баштап, бирок аягына чыга албай калган көптөгөн иштер бар. Үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бурам. Спорт жана инсандык өнүгүү менен алектенем. Баары алдыда достор!», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин VII чакырылыштын эки депутаты мандатынан айрылган. Жаныбек Абиров  ага козголгон ишке байланыштуу өз эрки менен парламенттен кетсе, Өмүрбек Бакиров соттун чечими менен тапшырды.  Учурда дагы эки эл өкүлүнө кылмыш иши козголуп, анын бири — Адахан Мадумаровдун соту өтүүдө. Ал Эмил Жамгырчиев камакка алынды.

Диплом чыры: Сот БШКнын эки депутатты мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>