Бир жылда аз камсыз үй-бүлөлөр 6 миң тонна азык-түлүк алышты

Бир жылда аз камсыз үй-бүлөлөр 6 миң тонна азык-түлүк алышты

Бүгүн, 1-августта 1397 тонна азык-түлүк Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, байытылган ун жана өсүмдүк майы Россия тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана мектептерде ысык тамак берүүгө жардам берүүчү долбоорлор аркылуу өлкө боюнча аярлуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн берилген.

«Эмгек үчүн азык-түлүк » долбоорунун алкагында бир жарым жыл ичинде 985 долбоор ишке ашырылып, ага катышкандыгы үчүн 32 миңден ашуун үй-бүлө (170 миң адам) 6 миң тонна азык-түлүк алышты. Мындан тышкары 79 тонна ун жана өсүмдүк майы улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар жашаган интернаттарга жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күндө алынган азык-түлүк долбоорлорго катышуу үчүн 5200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Бул 26000 адам. Үй- бүлөлөргө 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы берилет. Тренингдин катышуучуларына 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет», — деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Россия Федерациясы БУУ ДАПтын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдан бери Россия БУУ ДАП аркылуу Кыргызстандын жарандарына чукул жардамдан жана калыбына келтирүүдөн баштап, Өнүгүү жана социалдык коргоого чейин ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>