Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Филиппин менен Кореядан 58 кыргызстандык мекенине келди
29.05.2020 | 13:32
29-май күнү Сеул-Бишкек-Сеул каттамы менен 58 кыргызстандык чартердик каттам менен Филиппин жана Корея өлкөлөрүнөн кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган каттам Кореядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.
Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом