Финансы министрлигинин мурдагы кызматкерлери кармалды

Финансы министрлигинин мурдагы кызматкерлери кармалды

Финансы министрлигинин Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан кыянаттык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономика жана каржы министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү Т.Ж.К., К.Н.К. жана С.Т.Ж. аттуу жарандар кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, атайын администрациялоо жол-жобосун аткаруу учурунда С.Т.Ж. аттуу жеке компаниянын негиздөөчүсү К.Н.К. менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган.

«Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен Эсептешүү келишимин түзүүнү демилгелеп, ал банкроттук жол-жобосунан чыгууга жана фонддун уруксаты менен жер участогун турак жайды үлүштүк куруу үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берген. Бул эсептешүү келишимине карама-каршы келет. Компаниянын Каржы министрлигине караштуу ФКФга болгон карызы 11 млн 475 миң 590 АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда атайын администратор С.Т.Ж. ошол эле компаниянын башкы директору болуп дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган ишкананын негиздөөчүсү жана ээси К.Н.К. экени аныкталган. Ал үлүштүк курулуш аркылуу курулуп жаткан турак жай комплексиндеги турак жайларды сатуудан 200 млн сомдон ашык акча каражатын алып салган. Ошону менен бирге, Финансы министрлигине караштуу ФКФга болгон карыз COVID-19дун узакка созулган кесепеттерин шылтоолоп төлөнбөй калган.

2024-жылдын 5-февралында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>