Министрлер кабинети кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки программасын бекиттиИгорь Шестаков Бишкек менен Минсктин биримдигине болгон кызыгуунун себебин түшүндүрдүКүн күркүрөп, шамал катуулайт: 12-июлга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкууладыЭмне үчүн жаштар тарыхты башкача кабыл алышат? КУУнун деканынын түшүндүрмөсүПрезидент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салды
Финпол 143 миллион сомдук мамлекеттик чыгымдын ордун толтурду
09.01.2020 | 11:55
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) 143 миллион сомдук мамлекеттик чыгымдын ордун толтурду.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул сумманын 93 миллион 283 миң сому салык төлөбөгөн жеке ишканадан өндүрүлгөн.
Ал эми 50 миллион сому ар кандай экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшүп, бирдиктүү депозиттик эсепке которулган.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.
Бирдиктүү эсеп ачылгандан тартып, 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде ага 1 млрд. 668,5 млн. сом топтолгон.
Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар