Wildberries кампаларына жасалган чабуулдан кийин сатуучуларга төлөмдөрдү бере баштады

23.07.2026 | 11:36
Wildberries кампаларына жасалган чабуулдан кийин сатуучуларга төлөмдөрдү бере баштады — Новости Кыргызстана

Wildberries компаниянын кампаларына жасалган чабуулдан улам товарлары зыян тарткан сатуучуларга төлөмдөрдү бере баштады, ошондой эле бир адамдын каза болгонун кабарлады.

«Краснодар крайынын администрациясынын маалыматы боюнча, компаниянын кампасына жасалган чабуулдун кесепетинен бир адам каза болду. Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, биз аларга жардам көрсөтөбүз», — деп билдирди Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким.

Ошондой эле ал компания Электросталь шаарындагы кампада товарлары зыян тарткан сатуучуларга алгачкы төлөмдөрдү бере баштаганын билдирди.

«Биринчи кезекте компенсацияны 88 миңден ашык чакан ишкер алат. Каражаттар бир сутканын ичинде сатуучулардын балансына түшөт. Мындан тышкары, бир сутканын ичинде товарларды алып чыгуу сервисинин штаттык ишин калыбына келтирүү пландалууда», — деди Ким.

Компаниядан ошондой эле логистиканын туруктуулугун жогорулатуу жана өнөктөштөрдү колдоо максатында учурда кампалар ортосунда товарларды кайра бөлүштүрүү иштери жүрүп жатканын түшүндүрүштү.

Ошону менен бирге Wildberries’тен белгилешкендей, сервистин туруктуу ишин камсыз кылуу үчүн логистикалык процесстерди кайра түзүү мезгилинде сатып алуучулардын буйрутмаларын (заказдарын) чогултууга артыкчылык берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин КР ТИМи Кыргызстандын эки жараны — Н. А. жана Ж. уулу А. ар кандай деңгээлдеги жаракат алганы тууралуу маалымдаган.

«Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Экөө тең Электросталь шаарындагы ооруканада жатышат. Элчиликтин кызматкерлери жабырлануучулар жана алардын туугандары менен жолугушуп, аларга консулдук-укуктук колдоо көрсөтүштү», — деп айтылган билдирүүдө.

Кыргызстандын жарандарынын арасында каза болгондор бар экени тууралуу расмий маалымат келип түшкөн жок.

Scroll to Top