Францияда iPhone 12ни сатууга убактылуу тыюу салынды. Себеби

Францияда iPhone 12ни сатууга убактылуу тыюу салынды. Себеби

Франция ашыкча электрмагниттик нурланууга байланыштуу iPhone 12ни сатууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу euronews.com жазды.

Франциянын көзөмөл органы iPhone 12 адамдарды күчтүү электромагниттик нурланууга дуушар кылып жатканын билдирип, аны сатуудан алып салууну тапшырган. Эгер Apple тез арада абалды оңдобосо, буга чейин сатылган смартфондор кардарлардан алынат.

«Франциянын Улуттук жыштык агенттиги (ANFR) Apple компаниясына бул мүчүлүштүктөрдү тез арада чечүү үчүн бардык мүмкүн болгон каражаттарды колдонууну буйруду, антпесе компания Францияда сатылган телефондорду кайра артка алууга аргасыз болот», — деп айтылат маалыматта.

Аталган агенттик радиожабдыктарга жана электромагниттик толкундардын калкка тийгизген таасирине байкоо жүргүзөт.

Ал эми Франциянын санариптештирүү жана телекоммуникация министри Жан-Ноэль Барро X’де (мурдагы Twitter) жазгандай, нурлануу толкундары телефон чыгарылгандан кийин, программалык жаңылоолорго байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.

«Смартфондон чыккан толкундардын деңгээли программалык жаңылоо учурунда өзгөрүшү мүмкүн. iPhone 12 чыгарылгандан кийин программалык жаңылоодон улам уруксат берилген ченемден ашып кеткен. Жөн гана кайра (программалык) жаңылоо жасаса, баары ордуна келет», — дейт ал.

Ал эми Apple компаниясы iPhone 12 Францияда белгиленген бардык эрежелерге жана стандарттарга ылайык келерин билдирип, Франциянын агенттигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгынан күмөн санаган.

Бирок кийинчерээк Apple компаниясы Франциядагы iPhone 12 телефондору үчүн өзүнчө программалык жаңылоо чыгарары белгилүү болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Apple iPhone 12

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>