Жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу — менин артыкчылыктуу милдеттеримдин бири — Садыр ЖапаровКытайда жол кырсыгынан 23 жаштагы кыргызстандык кыз каза болдуЧет өлкөдө бардык документтер жарай бербейт: Бекешев маалымкаттар маселесин көтөрдүКара-Балта шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды«100 сомдук маалымкат 500 сом болуп калды» — Бекешев мамлекеттик кызматтардын кымбатташын сынга алдыКүзгө чейин жүк ташуучу унаалардын күндүзгү убакта жүрүүсүнө чектөө киргизилди
Франциянын эки компаниясы Кыргызстанда иштөөгө кызыкдар
11.11.2023 | 11:00
Франциянын “Электрисите де Франс” менен “Тоталь” компаниялары Кыргызстанда иштөөгө кызыкдар. Бул тууралуу Эммануэль Макрон Садыр Жапаров менен Парижде жолугушуу учурунда билдирди.
Садыр Жапаров Эммануэль Макронго Францияга чакыруусуна ыраазычылык билдирип, ага дагы Кыргызстанга сапар менен келип кетүүнү сунуштады.
Президенттин маалымат кызматыныны билдирүүсүндө, өлкө башчылары сүйлөшүүдө транспорттук жана соода-экономикалык чөйрөлөрүнө басым жасашты.
Макрон “Электрисите де Франс” менен “Тоталь” француз компанияларынын Кыргызстанда иштөө ниеттерин белгиледи.
Садыр Жапаровдун Францияга иш сапары жыйынтыкталып, бүгүн Сауд Арабияда улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз