7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылды
Футбол федерациясынын президенттигине Ташиев жалгыз ат салышат
08.02.2024 | 16:37
Кыргыз футбол федерациясынын президенттигине ат салышкан талапкерлерди каттоо аяктады. Ага бир гана жаран арыз берди.
Федерациясынын маалыматында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди “Талант” футбол клубу көрсөттү.
Шайлоо 19-февралда өтөт.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Кыргызстандын Футбол биримдигин жетектөөнү сунуштаган.
“Ак шумкарлар” Азия кубогунда бир гана упай алып, кийинки баскычка өтпөй калгандан кийин Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети жана президентти Медербек Сыдыков отставкага кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом