Президент аскердин кайрылуусу боюнча: Бул сөз эркиндиги

Президент аскердин кайрылуусу боюнча: Бул сөз эркиндиги

УКМКнын Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн  кызматкери Жылдыз Асанакунованын кайрылуусу боюнча Аскер прокуратурасы текшерүү  жүргүзүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.

Президент текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланарын белгилейт.

«Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жылдыз Асанакунова Караколдогу аскер бөлүгүндө жоокерлерге зомбулук көрсөтүлүп, ар кандай жаракат алгандар болуп жатканын айтып чыгышкан. Андан тышкары, тамак-аш дагы талапка жооп бербестигин билдирген.

УКМК бүгүн Жылдыз Асанакунованын маалыматын четке кагып, анын айткандары такталбаганын маалымдады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>