Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Футбол: Кыргызстан Бангладештин командасына экинчи ирет гол киргизди
07.09.2021 | 21:36
Кыргызстандын улуттук курама командасы футбол боюнча “Үч Улуттун Кубогунда” Бангладеш командасына экинчи голду киргизди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Алимардон Шүкүров 39 -мүнөттө топту атаандашынын дарбазасына киргизди.
Биринчи топ коноктордун торуна 10 -мүнөттө кирди. Аны Эльдар Молдожунусов киргизди.
Эске сала кетсек, 2-сентябрда Ак-Шумкар командасы Палестина командасын 1: 0 эсебинде утуп алган. Өз кезегинде палестиналык оюнчулар Бангладеш курама командасынан күчтүү болгон.
Кыргызстанда 2-7 -сентябрь аралыгында футбол боюнча “Үч Улуттун Кубогу” эл аралык турнири өтүүдө. Бул достук мелдеш биздин өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Катышуучулар – Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт