Футбол: Кыргызстан Ооганстанды 1:0 эсебинде утту (видео)

Футбол: Кыргызстан Ооганстанды 1:0 эсебинде утту (видео)

Кечээ, 10-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Кыргызстан Ооганстандын курамасын жеңип алды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ак шумкарлар атаандаштарын 1:0 эсебинде утту. Беттештеги жалгыз голду оюндун 96-мүнөтүндө чаабулчу Эрнист Батырканов киргизди. Бирок анын голу талаштуу жагдай жаратты. Ооганстандын машыктыруучусу кыргызстандык футболчу кол менен ойноп, эреже бузганын билдирип, каршылык иретинде футболчуларын оюн талаасынан алып кетип, кайра кайтып келишкен жок. Жыйынтыгында гол эсепке алынып, жеңиш Кыргызстандын эсебине жазылды.

Бел мелдеште Кыргызстандын курамасына миңдеген адам, анын ичинде президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылды.

Эми Кыргызстандын курамасы 16-июнда CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Иран менен оюн өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>