Видео: Тамчыда 844 миң сомдук эки аялдаманын ордуна жаңысы салынды

Видео: Тамчыда 844 миң сомдук эки аялдаманын ордуна жаңысы салынды

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында коомчулуктун сынына кабылган 844,1 миң сомдук эки аялдамынын ордуна жаңылары салынды. Жаңы салынган аялдамалардын сүрөт жана видеосу менен активист Эртай Искаков Телеграмдагы каналында бөлүштү.

Бул аялдама боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Ал акчаны «жеп алгандар» кармалганын, «уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатканын» билдирди.

«Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат», — деп жазды ал.

Сөзүң улай Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди таза иштөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Тамчыдагы аэропорт жакта көркү жок эки аялдама салынып, ага ири өлчөмдө акча кеткени белгилүү болгон. Прокуратура аныктагандай, аялдамалар 844,1 миң сомго салынып жаткан. Бул иш боюнча Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>