Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Футбол: Кыргызстандын курамасы Индия жана Мьянма менен ойнойт
03.02.2023 | 14:57
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы быйыл март айында Индия жана Мьянма менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында “ак шумкарлар” март айында окуу-машыгууларын өткөрөт. Анын жүрүшүндө аталган курамалар менен жолдоштук беттеш өткөрүү пландалган.
Эскерте кетсек, Азия кубогу быйыл 16-июндан 16-июлга чейин Катарда өтөт.
Быйыл Кыргызстандын курамасы өз тарыхында экинчи ирет Азия кубогунда ойнойт. Буга чейин 2019-жылы катышып, анда «ак шумкарлар» өз тайпасынан чыгып, 1/8 финалда ойноого мүмкүндүк алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт