Ысык-Атада 19 жаштагы келиндин өлүмү: Төрт дарыгер иштен алынды

Ысык-Атада 19 жаштагы келиндин өлүмү: Төрт дарыгер иштен алынды

Саламаттык сактоо министрлигинде 2-февралда министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп, анда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндөгү 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тааныштырды.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 19 жаштагы тургуну — Нурайым Ишенбековага медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерге токтолду. Жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон деген тыянактарды айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.

Жыйындын жүрүшүндө министр Гүлнара Баатырова эне менен баланын ден соолугун коргоо саламаттыкты сактоо тармагынын ишинде ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп келгендигин жана боло берерин белгиледи.

«Жаш эненин өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн дагы, биз үчүн дагы чоң трагедия. Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Мындай абал райондун эки саламаттык сактоо уюмунун ортосунда макулдашылбаган аракеттер болгондугун, райондук ЖДПБ тарабынан тийиштүү көзөмөл жок экендигин айгинелейт. Ар бир бейтаптын, ар бир эне жана баланын өмүрү үчүн биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек. Бардык кемчиликтер үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек», — деди Гүлнара Баатырова.

Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.К.Мамытовага сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору Мукаева Р.М., анын орун басары Сабырова Н.Э., төрөт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Бегалиева А.Н., Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М.Маматалиев кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине ишенип берилген уюмдарда кош бойлуу, төрөй турчу жана төрөгөн аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшүн катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылуу, сапаттуу медициналык жардамга муктаж аялдарды координациялоо жана багыттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>