Ысык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүнБишкектеги Ататүрк паркына жүздү таануу системасы орнотулатКРСУ тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү аземи кандай өттү?Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана ЕЭК санэпидкөзөмөл тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Футбол: «Президенттин командасы» менен «Элчилер» ойнойт
15.12.2022 | 09:00
Бүгүн, 15-декабрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан футбол боюнча «Мурас» достук турниринин плей-офф баскычындагы беттештери өтөт.
Мелдеш 14-декабрда башталган. Биринчи күнү тайпалык баскычтагы оюндар өтүп, тайпасынан 16 команданын сегизи чыкты.
Плей-офф баскычындагы оюндар:
— «Президенттин командасы» — «Элчилер»;
— «Спорт Жылдыздары» — «Спорттук федерациялар»;
— «Коопсуздук» — «Ден соолук»;
— «Ыйман» — «Достук».
Иш-чара саат 10:00дө башталат.
Оюндар УТРКнын Спорт телеканалы жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде чагылдырылат.
Футбол: Садыр Жапаров “Мурас” мелдешинде гол киргизди – видео
Биздин Телеграм каналга катталыңыз