Футбол: Президенттин командасы жарым финалга өттү — сүрөт

Футбол: Президенттин командасы жарым финалга өттү — сүрөт

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча достук мелдеши өтүүдө. Анда президенттик администрациянын командасы жарым финалга өттү.

Экинчи турда президенттин командасы спорт федерацияларынын курама командасы менен беттешти. Чабуулда ойногон Садыр Жапаров 10-секундада биринчи голду киргизсе, оюндун 6-мүнөтүндө экинчи топту атаандашынын дарбазасына узатты. Эки жолу тең топту УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жапаровго узатты.

Экинчи таймда президент үчүнчү голду киргизип, командасынын 3:2 эсебинде жеңишин камсыз кылды.

Биринчи турдагы чүчүкулакты эске алганда президенттик аппараттын командасы 4 упайга ээ болуп, жарым финалга жолдомо алды.

Спорт федерацияларынын командасында голдорду Канат Шабданбаев менен Сайтдин Азизбаев киргизди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>