Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон балыкчылардын сөөгү табылды — сүрөт

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон балыкчылардын сөөгү табылды — сүрөт

Бүгүн, 17-декабрда куткаруучулар эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан балык уулоочулардын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 1948-жылы туулган тургундары Ю.М. жана 1965-жылы туулган А.А. 14-декабрда балык уулоого кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

Издөө иштерине 33 куткаруучу, 7 суучул, 1 фельдшер, милициянын 17 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган. Жоголгондордун жансыз денелери суудан табылып, куткаруучулар Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>