Футболчу дүйнө чемпионаттын айынан жубайы менен ажырашып кетти

Футболчу дүйнө чемпионаттын айынан жубайы менен ажырашып кетти

Бразилиянын жана Милан клубунун мурдагы чабуулчусу Адриано Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын матчтарынан улам жубайы менен ажырашып кетти.  Бул тууралуу Globo Extra жазды.

Түгөйлөр баш кошкондон кийин 24 күндөн соң ажырашып кетишкен. Буга 40 жаштагы футболчунун досторуна кеткени себеп болгон.

Белгиленгендей, Адриано 25 жаштагы жубайы Микаэла Мескитке дем алыш күндөрү кайтып келип, үй-бүлөсү менен жолугууну убада кылган, бирок анын ордуна Бразилиянын Швейцария менен беттешин көрүү үчүн эки күн дайынсыз болуп кеткен. Футболчу аялына абалды түшүндүрүүгө аракет кылган, бирок жубайы аны укпай, алардын ортосунда уруш чыккан.

Жыйынтыгында жубайлар социалдык тармактарда бири-бирин достуктан өчүрүп, андан кийин ажырашып кетишкен.

Бразилия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун экинчи айлампасында Швейцарияны 1:0 эсебинде утуп алган. Биринчи орунду ээлеген команда үч жолугушууда алты упай топтоп, турнирдин плей-оффуна өткөн.

Кечээ, 5-декабрда өткөн 1/8 финалда бразилиялыктар Түштүк Корея менен беттешип, аларды 4:1 эсебинде жеңип алышты.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>