ЖКнын комитети Гүлнара Баатырованын талапкерлигин колдоду

ЖКнын комитети Гүлнара Баатырованын талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 6-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Талкуу маалында депутаттар саламаттык сактоо тармагына тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алсак, депутат Улан Примов Гүлнара Баатырбекованын министрлик кызматтагы жүргүзө турган ишмердүүлүгүнүн негизги үч багытына кызыкты.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова саламатык сактоо тармагын санариптештирүү жана илдеттердин алдын алуу боюнча жасай турган иштери тууралуу сурады. Ошондой эле депутат Мейкинбек Абдалиев аталган тармак коррупциялашкан тармактардын бири экенин белгилесе, депутат Дастанбек Жумабеков калк арасында оорулардын алдын алуу аракетин жүргүзүүгө чакырды.

Өз кезегинде Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо системасында кадрлар резервин түзүү жана жетекчилик кызматтарга тестирлөөнүн жыйынтыгында дайындоо зарылчылыгына токтолду. Андан сырткары, санариптештирүүнүн алкагында ар кандай маалымкаттар берилип, поликлиникаларда жазылуу жүрүп жатканын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет Жогорку Кеңешке саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү сунушун берди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>