Кадамжайдын эли бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрүн айтышты

Кадамжайдын эли бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрүн айтышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Маалым болгондой, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга Кадамжай районунун 500дөн ашык жашоочусу келишкен. Бүгүнкү жолугушууда жергиликтүү тургундар көптөн бери чечилбей келген мектептердин жетишсиздиги, жол, жер маселеси, жөлөк пул алуудагы көйгөйлөр, соттук териштирүүлөр, район ичиндеги коррупциялык иштер, аткезчилик, мыйзам бузуулар боюнча кайрылышып, бийлик өкүлдөрүнөн чечип берүүлөрүн суранышты. Ошондой эле, жарандардан туризмди өнүктүрүү боюнча бир нече сунуштар айтылды.

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө  байланышкан маселелер боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго кайрылышып, калыс тергелбей жаткан иштерди көзөмөлүнө алып, мыйзам чегинде чечип берүүлөрүн суранышты. Алсак, бир жыл мурда катталган жол кырсыгы менен жер маселеси боюнча тергелип жаткан иштер тууралуу жергиликтүү тургундардан азыр, даттануу түштү.

Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кадамжай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>