Германия Кыргызстандан дарыгерлерди тартууга кызыкдар

Германия Кыргызстандан дарыгерлерди тартууга кызыкдар

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 9-сентябрда “Find Your Expert” компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ Дирк Бахман менен Кыргызстандан Германияга медициналык кадрларды тартуу маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Маалыматка караганда, жолугушууга жогоруда аталган компаниянын директору Сайкал Касымова да катышты.

Д.Бахманн “Find Your Expert” компаниясы ар кайсы өлкөлөрдөн келген медициналык кадрларды даярдоо жана аларды Германиянын медициналык мекемелеринде ишке орноштуруу маселелери менен алектенерин айтып, бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда медициналык адистерди даярдап, Германияга ишке орноштуруу үчүн жана жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: германия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>