Кара-Балтада түнкүсүн унаа айдап качкан адам кармалды

Кара-Балтада түнкүсүн унаа айдап качкан адам кармалды

Кара-Балта шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда Т.К. аттуу жаран Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал кайрылуусунда 3-сентябрда түнүчүндө Кара-Балта шаарындагы Гоголь көчөсүндө токтоп турган “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жана Бишкек шаардык Кайгуул кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1972-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалган.  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>