Кол көтөрүп, кордогон эркекти бычактап өлтүргөн аялга өкүм чыкты

Кол көтөрүп, кордогон эркекти бычактап өлтүргөн аялга өкүм чыкты

Чүй облусунда чогуу жашаган адамын өлтүргөн аял үч жылга эркинен ажыратылды. Соттун өкүмү Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөндөрү өзгөртүлдү.

Айгүл чогуу жашаган Нурбекти шок абалда өлтүрүп алганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Алар 2,5 жыл чогуу жашашкан.

2020-жылдын 6-июлунан 7-июлуна караган түнү чырдан улам Айгүл бычак менен Нурбекти көкүрөк тушуна сайып салган. Нурбек алган жараатынан ошол эле күнү каза болгон. Экспертизада бычактан улам анын жүрөк кан тамырлары жабыркаганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле Айгүл кылмыш учурунда шок абалда экени белгилүү болгон.

Райондук жана облустук соттор аялды үч жылга эркинен ажыраткан. Прокурор бул чечимге макул болбой, өкүмгө даттанган. Чечимде айтылгандай, судьялар өз корутундусун башка нерселер менен бирге кошуналардын көрсөтмөсүнө да негиздешкен.

Күбөлөрдүн бири кошунасы – Эмил. Ал өлтүрүлгөн жаран тарабынан айыпталуучуга карата зомбулук фактысы болгонун тастыктаган.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө, бир жолу ызы-чуу болуп жатканда алардын үйүнө барып, Нурбектин Айгүлдү чачынан сүйрөгөнүнө күбө болгонун айткан. Эмилдин айтымында, Нурбек «сени өлтүрөм» деп кыйкырып, аялды эшикке түртүп чыгарган. Ал экөөнү ажыратууга аракет кылганын билдирген.

Эмилдин айтымында, Айгүл телефон чалып, Нурбек кайра сабап баштаганын айткан учур болгон. Айгүл жардам сурап, аны үйүнөн алып кетүүнү суранган. Эмил Нурбекке барып, сүйлөшүүгө аракет кылганда, ал ага бычак шилтей баштаган. Эмил Айгүлдү коопсуз жайга алып кеткендиктен Нурбек анын унаасынын дөңгөлөктөрүн тешип кеткен.

Башка күбөлөр жаңжал учурунда Айгүл шок абалда болгонун жана кылмыш учурунда эмне кылып жатканын түшүнбөгөнүн айтышкан.

Жогорку сот мурунку инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өкүм сот Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>