Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн Бириккен текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

Бишкекте өткөн ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин 4-кеңешмесинде Кыргыз Республикасы Бириккен текстиль кластерин түзүү демилгеси менен чыкты. Долбоорду тааныштырып жатып КР Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков уюмга мүчө мамлекеттердин жөнөкөй чийки зат соодасынан толук циклдеги терең өнөр жай кооперациясына өтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Макулдашуунун долбоору төрт багыт боюнча иштөөнү карайт: аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүү, сертификаттоодогу административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, логистиканы модернизациялоо жана контрафактка каршы күрөшүү үчүн товарларды санариптик көзөмөлдөө системаларын киргизүү. Мындан тышкары, кыргыз тарап биргелешкен токуу жана тигүү өндүрүштөрүн ачуу боюнча инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү реестрин түзүү үчүн жумушчу топту калыптандырууну сунуштады.
Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу жыйынтыктоочу документти даярдоо үчүн ШКУнун өнөр жай боюнча туруктуу иштеген жумушчу тобуна өткөрүлүп берилди. Демилгени ишке ашыруу уюмдун мейкиндигинде улуттук экономикалардын ичинде кошумча нарктын өсүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган заманбап текстиль экосистемасын калыптандырууга мүмкүндүк берет.