Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери президентке кайрылды

Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери президентке кайрылды

Кытайга караган Гонконг автономиялуу аймагында билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековко кайрылды.

Алар өлкө башчысынан Гонконгдо билим алып жаткан балдарын кыргызсанга алып келүүгө жардам сурашты.

“Гонконгдо саясий абал курчуп кеткендиктен окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерди кезексиз каникулга таратты. Мындай кооптуу кырдаалда балдарыбызды эсен-аман кайтарып келүүгө жардам берүүңүздү жана жол чыгымдарына материалдык жактан көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз”, — деп жазылат алардын кайрылуусунда.

Ошондой эле ата-энелер өлкөнүн келечеги боло турган жаштарга мамлекет тарабынан колдоо болот деп үмүт кылышкан.

Белгилей кетсек, Гонконг бийлиги тарабынан кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого боюнча мыйзам долбоор даярдалган. Буга каршы болгон миңдеген адам бир нече айдан бери митингге чыгып келет.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>