Грек-рим: Үзүр Жусупбеков Артур Саркисяндан утулду

Грек-рим: Үзүр Жусупбеков Артур Саркисяндан утулду

Казакстандын Алматы шаарында бүгүн, 26-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө Күрөш боюнча Poddubny Wrestling League лигасынын кезектеги турнири башталган.

Грек-рим күрөштөн кыргызстандык спортчу Үзүр Жусупбеков орусиялык спортчу Артур Саркисян 7:1 эсеби менен утулуу ызаасын тартты. 97 кг чен бирдигинде күн сынашты.

Буга чейин Грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык спортчу Жоломан Шаршенбеков  орусиялык спортчу Данислам Дамматовду 7:2 эсеби менен жеңди. Андан соң Эркин күрөштөн кыргызстандык спортчу Тайырбек Жумашбек уулу орусиялык спортчу Абасгаджи Магомедов 6:3 эсеби менен утулуу ызасын тартты.

Турнирдин алкагында 19 беттеш пландалган. Негизги кармашта Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалисти, дүйнө чемпиону жана Азиянын беш жолку чемпиону кыргызстандык Акжол Махмудов менен Олимпиаданын 2 жолку чемпиону, дүйнөнүн 3 жолку жана Европанын 4 жолку чемпиону орусиялык Роман Власов беттешет. .

«Турнирге менин үй-бүлөм, менин апам, иним, жубайым келет. Бул негизги жагдай, ошондуктан мен жеңүү үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Бул менин тарыхымдын бир бөлүгү. Мен бул күрөшкө Олимпиада оюндарына караганда төмөн мамиле кылбайм”, — деди Роман Власов турнирдин алдындагы пресс-конференцияда.

Турнирдин негизги күрөштөрүнүн бири грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак чениндеги күрөш болмокчу.

Жубдардын курамы:

Эркин күрөш: 61 кг чейин — Тайырбек Жумашбек уулу — Абасгаджи Магомедов (Россия);

Грек-рим күрөшү: 60 кг чейин — Динислам Бамматов (Россия) — Жоламан Шаршенбеков;

97 кг чейин — Артур Саркисян (Россия) — Үзүр Жусупбеков.

Кечтин негизги беттеши (77 кг чейин) Роман Власов (Россия) — Акжол Махмудов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Эркин күрөш: Жумашбек уулу Магомедовдон жеңилди

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>