27-апрелге карата аба ырайы

27-апрелге карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +24…+29

Талас облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +21…+26

Баткен облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +25…+30

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +16…+21

Нарын облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +15…+20

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>