Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбик Кыргызстанга келишти — сүрөт

Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбик Кыргызстанга келишти — сүрөт

Бүгүн, 8-августта UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Reporter.kg′ге уюштуруучулар билдиришти. 

Мушкерди «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 49 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга Eagle FC футбол клубунун президенти Шамиль Завуров, ошондой эле “Хасбик” каймана аты менен таанымал орусиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов жана анын командасынын өкүлдөрү менен бирге келишти. 

Хабиб Нурмагомедов 10-августта «Бишкек аренада» өтө турган ММА боюнча Eagle Fighting Championship (EFC 49) турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 18:00дө башталат.

Иш-чарада 14 беттеш өтөт, алардын негизгиси кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Расул Магомедовдун беттеши болмокчу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>