Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы тарых жаңыртып, Пара Азия оюндарынын алтын байгесин утту
23.10.2023 | 16:38
Кыргызстандык парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын финалында жеңишке жетип, алтын байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 48 кг чейинки салмакта күч сынашкан.
Финалдык беттеште ал япониялык парадзюдочу Хангаи Шизуканы менен кез келген. Ал атаандашын 1 мүнөт 25 секунддун ичинде жеңип, алтын байгенин ээси болгон.
Белгилей кетсек, Хайитхон Хусан кызы Кыргызстандын тарыхында Пара Азия оюндарынын алтын байгесин уткан биринчи спортчу болуп калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз