Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

Кыргыз Эл Баатыры, медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

“Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык”, — деп жазылат анда.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн.

Ал 67 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган.

2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын, КРдин Жогорку Кеңешинин 2-чакырылышынын депутаты. КРдин Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>