Кыргызстан айыл чарба продукциясын онлайн сатууга киришет

Кыргызстан айыл чарба продукциясын онлайн сатууга киришет

Кыргызстан электрондук соода каналдары аркылуу экспортту өнүктүрөт. Инвестициялар агенттигинин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өнүгүү келечегин талкуулашты.

Анда электрондук коммерция каналдары аркылуу айыл чарба продукциясын экспорттоону уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Кытайдын, Өзбекстандын жана башка өлкөлөрдүн электрондук платформаларында Кыргызстандын экспортерлорун жана ишкерлерин каттоонун мүмкүн болуучу кадамдарын талкуулашты.

Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы электрондук коммерция программасынын директору Чиу Ниу жетектеген миссиясы экспорттук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорго даяр экендигин билдирди”, — деп белгилейт Улуттук агенттик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>