36 гдрадуска чейин ысыйт. 6-июнга карата аба ырайы

36 гдрадуска чейин ысыйт. 6-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, Нарын облусунда түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшүн, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +15…+20
күндүз +30…+35

Талас облусу

түнкүсүн +14…+19
күндүз +28…+33

Баткен облусу

түнкүсүн +16…+21
күндүз +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +16…+21
күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +9…+14
күндүз +22…+27

Нарын облусу

түнкүсүн +6…+11
күндүз +20…+25

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 17…19, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 чейин болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>