Чүй: Милиция окуучулар ортосунда турнир өткөрдү

Чүй: Милиция окуучулар ортосунда турнир өткөрдү

Бүгүн, 3-май күнү Кемин районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу,  ошондой эле өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды колдонууларына бөгөт коюу максатында  Кемин РИИБдин демилгеси менен спорттук турнир өткөрүлдү. Бул  тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чарага Чоң-Кемин жана Көк-Ойрок айыл өкмөттөрү салымын кошуп, милиция кызматкерлери менен биргеликте  мыкты денгээлде өткөрүштү. Бул иш-чарага катышкандар Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн Карал-Дөбө, Кайынды, Тегирменти, ал эми Көк-Ойрок айыл өкмөттүнөн Төрт-Күл, Кызыл-Байрак, Шабдан, Калмак-Ашуу, Тар-Суу орто мектептери жана 1 жеке Билимкана мектеби катышты. Жалпысынан балдар арасында 8 команда кичи футбол боюнча, кыздар арасында 6 команда  баскетбол боюнча күч сынашты.

Башкы байгелерге: 1-орунга кубок, медаль, диплом, 2-орунга медаль, диплом, 3-орунга медаль диплом, 4-орунга топ берилди. Ошондой эле ар бир утулган орто мектептерге ыраазычылык кат берилип, окуучулар арасында жакшы ойногон оюнчуга 5 ардак громаталары тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>