Мунай ташуучулар ассоциациясына эскертүү берилди

Мунай ташуучулар ассоциациясына эскертүү берилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын Май айында бензин кымбатташына байланыштуу билдирүүсүнө карата эскертүү берди. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Эскертүүдө баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө керектиги белгиленген. Ошондой эле, ассоциацияга “Атаандаштык жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамынын талаптарын так аткарышы керектиги айтылган.

“Жазгы талаа иштерин эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майларга бааны кармап туруу боюнча бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлсүн”, — деп айтылат маалыматта.

Буга кошумча, рублдин сомго карата, ошондой эле долларга карата нарксыздануусун эске алуу менен бааларды оңдоп, күйүүчү-майлоочу майдын өздүк наркын тонна менен эмес, литр менен эсептеп чыгуу зарыл экендиги айтылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>