Европада соттолгон кыргыздар мекенине кайтарылат

Европада соттолгон кыргыздар мекенине кайтарылат

Башкы прокуратурасы Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын которуп келүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында Башкы прокуратуранын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу Европа кеңешине Кыргызстандын 1983-жылы кабыл алынган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Европа конвенциясына кошуу маселесин кароо боюнча кайрылуу жөнөтүлгөн.

Европа кеңеши Башкы прокуратуранын бул кайрылуусун тийиштүү тартипте кароого макулдугун берген. Ошондой эле консультациялар өткөрүлүп, анда процедуралык маселелер талкууланган.

«Бул Конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу боюнча маселе оң жагына чечилген учурда Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурасы башка дагы мүмкүн болгон Европа Конвенцияларына Кыргызстандын кошулуусу боюнча иш-аракеттерди активдүү түрдө улантат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>